Афганистанда иштегем, андан кийин 6 млн$ наркы менен стартап түздүм. Бишкектен чыккан кыздын баяны
Дина Руслан жашоосун технологиялар менен байланыштырууну пландаган эмес, бирок өзүн ИТ тармагында тапты. Кыргызстандын Эл Аралык университетин «Программалоо жана аналитика» адистиги боюнча аяктап, андан кийин чет өлкөдө билим алуу үчүн акча топтоо максатында Афганистанда бир жыл иштеген. Калифорниядагы Линкольн Университетинин магистратурасына тапшырып, АКШда карьералык жолун баштаган. Бирок бир нече жылдан кийин бардыгын таштап, өзүнүн шаарына кайтып келген. 2020-жылы Дина балдар жана өспүрүмдөр үчүн Codify – ИТ- мектеби стартапын негиздеген. 2 жылдан кийин компания 6 млн$ бааланды.
Digital Business жана Astana Hub «Борбордук Азиянын 100 стартап-баяны» биргелешкен долбоорунун алкагында Дина Афганистанда эмне иш кылганын, АКШда башынан өткөн эң оор учурларын жана бала кезиндеги окуя аны тобокелдикке баруудан коркпогонду үйрөткөнүн айтып берди. Ошондой эле биз Динанын факаптары жана Codify башка ИТ-мектептерден эмнеси менен айырмалана турганын билдик.
«Бир күн кечке күнгө какталып базарда тургум келген жок»
– Дина, буга чейинки интервьюларда сиз ИТ тармагына капысынан келип калганыңызды айткансыз. Кандай жол менен?
– Алгач мен дизайнер болгум келген, ал эми ата-энем дарыгер болушумду каалашкан. Жыйынтыгында 9-класстан кийин документ тапшыруу мөөнөтүн өткөрүп алып, Бишкектеги Политехникалык колледжке ИТ-тармагына өтүп калгам.
Бул чындыгында эле капысынан болуп калды, мен анда технологиялар жөнүндө түшүнүгүм жок болчу. Бирок жакында эле белгисиздикке баруу каалоосу менде бала кезинен эле бар экенин түшүндүм. Анда чоң апам менен айылда жашачумун жана бизде эки гектар талаа бар болчу. 3-4-класстан тарта мен таң атпай кулпунай терип жардам берип, эртең мененки саат 7-8дерде аны базарда туруп сатып баштагам. Анда базарда соода кылуу уят болу, өзгөчө сенин классташтарың бул учурда ойноп жүргөндө. Убакыт өткөн сайын бул сезим ойлоп тапкычтыкты жаратты, анткени, мен кечкиге чейин базарда туруп соода кылгым келген эмес.
Негизи мен кесибимди сүйөм. Айрыкча жөн гана стартапер же бизнесвумен болуу эмес, продукт иштеп чыгуу, фич ойлоп табуу жана рынокту анализдөө мага алда канча көбүрөөк жагат. Эч качан жеке ишкер болууну кыялданган эмесмин, бирок азыр көнүп калдым, анткени, жанымда мыкты командам бар.
– Сиздин биографияңызга кайтып келсек. Колледжден кийин эмне менен алек болдуңуз?
– 2011-жылы экстерн менен Кыргызстандын Эл аралык университетин «Программалоо жана аналитика» адистигин кызыл диплом менен аяктадым. Ал кезде ИТ-вакансия дээрлик жок болчу, андыктан мен резюме түзүп, аны ар кандай уюмдарга жөнөтүп баштагам. Жыйынтыгында мени эл аралык эмерек компаниясына корпоративдик кардарлар боюнча менеджер кызматына алышты. 3 айдан кийин, жакшы айлыгына карабай, бул иш меники эмес экенин түшүндүм.
Мен дайыма окуумду чет өлкөдө улантууну кыялданып келгем, бирок ага акчам жок болчу. Керектүү сумманы кантип топтоо керектигин ойлонуп баштадым. Ал кезде агам Афганистандагы НАТО базасында иштеп жүргөн. Ал аскер кызматкерлерин кийим, тамак-аш, дары жана башка зарыл буюмдар менен камсыздоочу Army Air Force Exchange Service компаниясына маектешүүдөн өтүүнү сунуштады. Алар англис тилин билген кызматкерлерди издеп жаткан. Мага 1 жылдык келишим сунушташты.
– Бул тажрыйба сиздин келечекке кандай таасир тийгизди?
– Бир жыл бою жабык аймакта, көнүп калган «үй-бүлө, достор, университет» экосистемасынан алыс болуу кыйын болду. Иштеп, андан кийин китеп окуп же спорт менен машыккандан башка кылаарга иш жок эле. Бирок ошол учурда мен туура багыт тандап, 12 миң$ топтой алдым.
«Өзүмдү бүткүл дүйнөгө жалгыз каршы тургандай сезгем»
– Бишкекке кайтып келгенде эмне кылдыңыз?
– Лондон университетинин магистратурасына 75% арзандатуу менен өтүп кеттим. Бирок бул жеңилдик дагы мага кымбат болчу. Жыйынтыгында мен Калифорниядагы Линкольн университинин студенти болуп, Management Information System багытында билим алдым.
Биринчи семестрде окууга бир нече предметтерди тандап, өзүмдү багыш үчүн дароо эки жумушка орноштум.
– АКШдагы карьераңыз кандай болду?
– Алгач башка студенттердей эле кассир, официант болуп иштедим, экинчи жылы ИТ тармагында вакансияларды издеп баштагам. Жарым жыл бою маектешүүлөргө барып жүрдүм, бирок мени кабыл алышкан жок. Болгон каражатым түгөнөргө аз калганда, Айовада Wells Fargo каржылык компаниясына системалык аналитик болуп орноштум. 2 жылдан кийин жайында Бишкекке келдим. Жайкы эс алууга келип, бирок биротоло калып калдым.
Мага ИТ-иштеп чыгуу боюнча ZenSoft компаниясына долбоордук менеджер кызматын сунушташты. Айлыгы АКШдагы айлыгымдан бир нече эсе аз болгонуна карабай, макул болдум. Анда долбоор жаңы өнүгүп, мени нөлдөн баштоо идеясы кызыктырды.
– Мындай чечимди кабыл алуу канчалык оор болду?
– АКШда жашоо аябай татаал эле. Өзүмдү бүткүл дүйнөгө каршы жалгыз тургандай сезчүмүн. Эч бир женден коргоо жок экенин, ал эми мага иммигрант катары көптөгөн артыкчылыктар жеткиликтүү эмес экенин түшүнчүмүн. Ошол учурда башка келген кыйынчылыктарды жеңгеним менен, экинчи жолу андайды көтөрө алмак эмесмин.
Менин оюмча, мен өз убагында кеттим. 26-27 жашыңда башынан баштоо 35 жаштан кийинкиге салыштырмалуу оңоюраак. Өткөн жылы кайра Калифорнияга барып калып, ал жакта калган көп тааныштарыма жолуктум. Азыр алар өз мекенине кайткысы келет, бирок эч кандай социалдык байланыштары жок. Андыктан, аларга үйлөрүнө кайтып, нөлдөн баштоо коркунучтуу.
«Продукттарды бир калыпта жасоо жана фидбэктин жоктугу тажатты»
– Codify кайсы учурда пайда болду?
– Бул капысынан эле болуп калды. 2019-жыл болчу. ZenSoft иштөө менен катар мен бишкектик университеттердин биринде ИТ-менеджмент сабагын өтүп жүргөм. Бул тууралуу социалдык тармактарда айткандан кийин мага фейсбукка бир нече адам окутуу суранычы менен жазды. Бул үчүн мен өзүнчө группа ачып, юридикалык жак катары каттоодон өттүм. Акырындап долбоор балдар жана өспүрүмдөр үчүн толук кандуу ИТ-мектепке айланды.
– Андан аркы өнүгүү кандай болду?
– Окуучулардын жана мугалимдердин саны акырындап өсө берди, процессти автоматташтыруу үчүн Codify LMS иштеп чыктык - ал билим берүү борборлору үчүн билим берүүнү башкаруу системасы. Ар кандай тил курстары, онлайн-мектептер жана лицейлер дагы биздин кардар болду.
Дагы бир ишкердүүлүк тармагы катары аутсорсто ИТ-продуктуларын иштеп чыгуу болду. Дүйнөнүн булуң бурчунан кардарларыбыз бар эле, бирок 2023-жылы бул багытты жаап, ал эми Codify LMS үчүн жаңы кардарларды издөөнү токтотуу чечимин кабыл алдым. Анын ордуна мен ИТ-мектепке бүт көңүлүмдү жана күчүмдү жумшадым.
– Эмне себептен мындай чечимге келдиңиз?
– Продукттарды бир калыпта жасоо жана фидбэктин жоктугу тажатты. Аутсорсто сен долбоорду өнүктүрүүгө жооп бербейсиң, реалдуу колдонуучуларды көрбөйсүң жана кээде өзүң иштеп чыккан нерсенин кийинки тагдырын дагы билбейсиң.
Андан тышкары, 2023-жылы Astana Hub жана Google for Startups’тан Silkway Accelerator’го өттүк. Программа учурунда мен чачырап атканымды түшүндүм. Багыттар аябай көп болчу, 40+ адамдан турган команда, тапшырмалар толтура, ал эми максималдуу MRR 100 миң$ ашкан эмес. Долбоор өзүн актап жатты, бирок мындай көлөмдө сарпталып жаткан ресурстар үчүн бул аз болчу.
Ошол кезде Qalan аттуу казакстандык стартап командасы менен таанышып калдым. Алар математиканы окутуу боюнча мыкты платформа жаратышканына баа бердим. Андан тышкары, бир продуктка басым жасалгандыктан, алардын жүгүртүүсү Codify көрсөткүчүнөн кыйла көп болчу.
Qalan командасынын ийгиликтери мага дем берип, реорганизация жүргүзүп, мен дагы бир багытта гана иштөөнү чечтим - балдар жана өспүрүмдөр үчүн ИТ-мектепти тандадым.
– Бул чечим сиздин кирешеңизге кандай таасир тийгизди?
– Ушул жылдын август-сентябрь айларында биз 155 миң$ MRR’ге чыга алдык.
Учурда компанияда 6 бөлүм бар: сатуулар, маркетинг, иштеп чыгуу, каржы, камкордук жана тренинг-борбор, аларда 30дай адам эмгектенет.
«Codify брендин тарттырып ала жаздадым»
– Дагы кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?
– Факаптарды санасам бүтүндөй тизме болот. Арасынан эң кымбат тургандарын атап өтөйүн. Мисалы, 2020-жылы коронавирус пандемиясы башталардын алдында ижарага кеңсе алгам. Көп өтпөй бардыгы карантинге кетти, а мен болсо бош турган имараттын ижарасына акчамды коротуп жаттым, анткени, жакын арада бардыгы өз ордуна келет деген ишеним бар болчу.
2021-жылы биз стартаптар менен алек болуп, Antler’ден 100 миң $ инвестиция алып, Codify LMS’ти бүтүндөй Тынч океан регионуна жайылтууга бел байладык. Кийин башка стартаптар бул рынокко 1 миллион доллардан ашык инвестиция салып, командасын дагы алып бара турганын билип, ката кылганыбызды жана убакытты текке кетиргенибизди түшүндүк.
Дагы бир жылдан кийин болочок өнөктөштөрүбүз Ташкентте кеңсе ачууга көндүрдү. Буга бир жыл жана 50 миң$ кетирдим. Жыйынтыгында брендимди тарттырып ала жаздадым: өнөктөштөр codify.uz доменин сатып алып, окутууларды өз алдынча өткөрүүнү пландап жатышкан. Биз жакшы нукта коштоштук, бирок ошондон кийин Codify брендине Борбор Азия өлкөлөрүндө, Сингапур, Монголия жана Россияда патент алдым. Ошондой эле кызматташтыкты канчалык кооз сүрөттөшсө дагы, адамдарга жөн гана ишене берүүнү токтоттум.
Башкысы - кымбат баалуу продукттарды иштеп чыгуу болду: ишке орноштуруу боюнча сервис, жаңылыктар платформалары, оюндар жана башкалар. Бир нече багыттарды бирдей алып жүргөндө командага ар кандай долбоорлорду жаратууга уруксат берчүмүн. Жалпы жолунан алганда бул 500 миң$ айланды, бирок профит алып келген жок.
– Бул долбоорлор эмне себептен ийгиликтүү болгон жок?
– Негизги катабыз - биз сервисти алгач жаратып, андан кийин гана аны ким иштете турганын ойлончубуз. Жыйынтыгында бизде көптөгөн Codify ИТ-продукттары калып калды.
– Эксперименттерге акчаны кайдан алдыңар?
– Эң башында долбоорго өзүмдүн жеке каражатыманан $5000 салгам. Codify’га чейин корпоративдик тажрыйбам бар болчу, андыктан, айлык берүү жана салык төлөө тууралуу түшүнүгүм бар эле. Андыктан, командамды дагы эксперименттерге өзүбүз тапкан акчаны коротобуз деп үйрөттүм. Кийин дагы дайыма каражаттарды кайрадан инвестициялап, компаниядан акча чыгарган жокпуз.
Инвестицияларды дагы тартып жүрдүк. 2021-жылы Кыргызстанда Accelerate Prosperity акселераторунун жеңүүчүсү болуп, 1млн$ бааланган алгачкы 40 миң$ алдык. Андан кийин Antler деги катышуудан кийин дагы 100 миң$, 2022-жылы раундду 400 миң$ менен жаптык. Баалоо ошол кезде 6 млн$ чейин өстү.
Артка кылчайып, мен тартылган акчадан улам стартапты чоңойтконумду түшүнөм. Ошол кезде штатта motion-дизайнерлер, видеографтар, рекрутерлер жана фултаймда иштөөгө зарылчылыгы жок болгон башка адистер пайда болду. Мындай каталарды кетирбеш үчүн, инвестициялардан жана ашыкча жумуштардан баш тартам. Кооз пресс-релиз үчүн раунд ачып, андан кийин бул акчаны кайда багытташ керек, кандай продукт иштеп чыксак деп ойлонуунун кажети жок экенин түшүндүм.
– Кыйынчылыктарга карабай, сиз өзүн өзү актоого чыга алдыңыз. Кандай жол менен?
– Мурда эгер биз 50 миң$ ашсак, пайда катары кабыл алганбыз, анткени burn rate (Digital Business эскертүүсү - компания ай сайын кетире турган акчанын орточо суммасы) болжол менен ошондой болгон. Бирок милдеттүү чыгымдардан кийин калган акчанын бардыгын биз кайра инвестиция кылдык. Формалдуу түрдө биз пайда көрүүдөбүз, бирок иш жүзүндө нөлгө чыкчубуз. Андыктан, 2022-2023-жылдары биз туруктуу, мейли, анча чоң эмес, бирок оң сальдого чыктык.
«Региондо биздин билим берүү программабыздын аналогу жок»
– Азыр Codify канча окуучуга билим берет?
– 7 жаштан 17 жашка чейин 1000дей бала бар. Бирок бул окуу жылынын башында, кийин жаңы келгендер кошулат. Эгер буга чейин биз колдонуучулардын санына басым жасап келсек, учурда LTV көрсөткүчүнө көңүл бурабыз (Digital Business эскертүүсү - кардардын өмүр бою берген баалуулугунун көрсөткүчү). Адамдар бизге жөн гана келүүсү эмес, алар биз менен калып, көбүрөөк билим алгысы келгендиги маанилүү.
– Окуунун баасы кандай?
– Биз беш жылдык программа менен окутабыз, бир этап 4 айга созулат жана 48000 сом турат (болжол менен 296 миң тенге).
– Codify башка онлайн-мектептерден эмнеси менен айырманалат?
– Бизде Project Based Learning – реалдуу долбоорлордун негизинде окутуу ыкмасы киргизилген, ал 19-кылымда пайда болуп, Гарвард, MIT жана башка алдыңкы ЖОЖдордо колдонулат.
Биз колдонгон экинчи ыкма – Confidence/Competence Loop. Ал ишенимдүүлүк (confidence) компетенциядан (competence) жаралат дегенди билдирет. Өзүңө ишениш үчүн мотивациялык тренингди угуп коюу жетишсиз - жөндөмдү үйрөнүш керек.
Ошондуктан биз кичинекей тапшырмалар аркылуу үйрөтөбүз: сайт жаратуу, телеграм-бот түзүү, логотип ойлоп табуу, киберкоргоону жасоо. Бала ар бир тапшырманы аткарган сайын, анын ишенимдүүлүгү өсүп, мотивациясы бекемделет.
Эки концепция тең методисттер менен биргеликте балдар үчүн ыңгайлаштырылган. Ошентип автордук билим берүү программасы пайда болду, региондо анын аналогу жок. Бизде окуучулар жумасына 4-5 саат билим алат, бирок бул убакыт аралыгында мектептеги 20 сааттык теориядан дагы көбүрөөк практикалык билимге ээ болушат.
«Стартаптар менен ойнобоону сунуштайм»
– Жакынкы жылдары долбоорду кандай өнүктүрүүнү пландап жатасыз?
–MRR 200 миң$ жеткирип, аны кармап калууну үйрөнүүнү пландап жатабыз. Биздин эсептер боюнча, Бишкекте гана иштесек, бул реалдуу. Андан кийин Алматыга чейин масштабды кеңейтүүнү эңсеп атам: мага бул шаар жана рынок аябай жагат.
– Жаңы баштап жаткан стартаперлерге кеңешиңиз?
– Реалдуу проблемаларды чечкиле. Көпчүлүгү алгач продукт жаратып, андан кийин аны колдоно турган кардар издеп баштайт. Codify тажрыйбасы көрсөткөндөй, бул жакшы нерсеге алып келбейт.
Дагы белгилеп кетүүчү нерсе, тренддерди куубагыла. Учурда OpenAI же башка AI-системаларынын негизинде программа түзүп, өздөрүн ИИ-стартап катары позициялаган долбоорлорду көп көрүп жатам. Алардын көбү акселерацияларды утуп, инвестицияларды тартып жатат, бирок иш жүзүндө алар жандуу продукт эмес. Аларда чыныгы кардарлар аз жана реалдуу маселелерди чечүүчү жолдор жок. OpenAI’ дан көз карандуулук дагы чоң, ал каалаган учурда сенин нишаңа кире алат.
Мисалы, өткөн жылы TechCrunch Disrupt конференциясында болдум. ИИ-компаниялар менен павильонду толук карап чыгып, өзүнүн жеке ИИ-кыймылдаткычы менен бир дагы долбоорду тапкан жокмун. Бардыгы OpenAI же башка ситемалардын чечими менен түзүлгөн. Ооба, ИИ-стартап укмуш угулат, бирок рыноктогу чоңураак оюнчулардын релизи сенин бизнесиңди жок кылып кое алат.
Ошондой эле стартаптар менен ойнобоону сунуштайм. Баштапкы этаптарда акселераторлордон өтүү маанилүү, аларда өзү жөнүндө жар салуу, менторлордон кеңеш алуу жана биринчи кардарларды табууга болот. Бирок андан кийин бир программадан экинчиге чуркабай, бизнес жүргүзүү керек. Жыл сайын ар кандай премияларды утуп, баттлдарга катышып жүргөн долбоорлорду билем. Ошол эле учурда алардын акча жүгүртүүсү $1000-$5000 ашпайт.
Өзүмдүн тажрыйбама негизделген дагы бир кеңеш – алгачкы ийгиликтерден эйфория болбоңуз. Жүгүртүү 50 миң $ болгондо мени ар кандай подкасттарга, конференцияларга, интервьюларга чакырып, ийгилик сыры менен бөлүшүүмдү көп суранышты. Бара бара менин көңүлүм бурулуп баштады, СЕО болуп, продуктка көңүл бургандын ордуна, сен медиа адамына айланып, жеке брендин калыптаган адам болосуң. Мен иш-чараларга тынбай барып жүргөн учурда биздин нишага кирип баштаган атаандаштар пайда болгонун түшүндүм.
Андыктан, менин оюм боюнча системалык маркетинг түзүп, жеке брендден көз каранды болбош керек. Жүздөгөн адамдын алдында сүйлөө эң көп дегенде бир нече кардар алып келиши мүмкүн, бирок бул туруктуу көрүнүш эмес.
Албетте, легалдуу иштеңиз. Рroduct market fit бар экенин түшүнгөндө, алгачкы кардарлар келгенде, масштабга чыгуу керектигин баамдаганда компания түзүп, салыктарды төлөгүлө. Башында аутсордо иштеген бухгалтер жетиштүү. Бул компания чоңойгон кезде мүмкүн болгон маселелерден, ыңгайсыз суроолордон куткарат. Биз дагы убагында көптөгөн каталарды кетиргенбиз, бир бухгалтерге ишенип, 1С базаны жоготуп алган учур дагы болгон. Анын кесепетинен азыркыга чейин жапа чегип келебиз.
«Кызматкерди ишке жай алып, иштен тез кетир» деген фразаны угуп калдым. Эгер сизге бир эле жолу командадан бир адамды кетирүү керек деген ой келсе, чечимди созбогула. Сиз аны менен коштошо турганыңызга күмөн жок, созулуп кетсе жөн гана нервиңизди жана убактыңызды коротосуз.
Акыркысы. Көпчүлүгү стартап - сөзсүз түрдө эле кичинекей, туруксуз жана дайыма акча издеп жүргөн долбоор деп ойлошот. Чындыгында, стартап - бул инновациялар, чакырыктар жана өсүү. Ал туруктуу бизнеске айланып, адамдарга пайда алып келе алат, ошол эле учурда инновацияларды киргизип, тез арада масштабка чыгышы мүмкүн.