Кыргызстандык айымдар төрөттөн кийин аялдардын калыбына келишине кантип жардам берүү керектигин керек ойлоп табышты. Азыр алардын долбоору $7,8 млн деп бааланууда

Freedom Broker Freedom Broker О редакции О редакции Cмотрите нас на YouTube! Cмотрите нас на YouTube!
Дата публикации: 02.10.2025, 11:42
2025-10-02T11:42:08+05:00
Жазуу: Елизавета Филоненко
Сүрөт: Чолпон Ибраимова
Кыргызстандык айымдар төрөттөн кийин аялдардын калыбына келишине кантип жардам берүү керектигин керек ойлоп табышты. Азыр алардын долбоору $7,8 млн деп бааланууда

Сырга Тилекова – СЕО жана NB FIT сервисинен тең негиздөөчүсү. Долбоор онлайн-машыгуулар үчүн сервис катары ишин баштаган, бирок 5 жылда аялдардын төрөттөн кийинки калыбына келиши үчүн толук кандуу платформага чейин өстү. Азыр стартаптын дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүнөн 30 миңден ашык колдонуучулары бар.

Digital Business жана Astana Hubдын «Борбордук Азиянын 100 стартап-окуясы» биргелешкен долбоору үчүн Сырга NB FIT сервисинин тарыхы кантип башталганын, эмне үчүн ал бир убакта кирешелүү болбой калганын жана сервис башка онлайн-машыгуулар үчүн платформалардан эмнеси менен айырмалана турганын айтып берди. Ошондой эле эмне үчүн команда эки ирет инвестициядан баш тартканын, таттаал чечимдерди кабыл алууда фаундерлер кантип макулдашууга жетишип жатканын жана компания мындан ары кайсы жол менен өнүгө турганын билдик.

«NB FIT базасында 300дөн ашык машыгуу жана 1000+ видеосабак бар»

– Быйылкы жылы NB FIT негизделгенине 5 жыл болот экен. Бардыгы кантип башталганын эстеп көрөлү?

– Коронавирус пандемиясы убагында мен продакт-маркетолог, ал эми күйөөм Нургазы – продакт-дизайнер болуп иштеген стартап тарап кетти, ошентип биз жумушсуз калдык. Ушул учурда NB FIT сервисинин келечектеги кофаундери Нуриля Барпиева менен таанышып калдым. Ал өзүнүн бир нече машыгууларын видеого тартып, аларды соцтармак аркылуу сатканга жетишиптир, бирок ал идеясын онлайн-фитнес үчүн толук кандуу платформага жеткирүүнү каалаган.

Сырга Тилекова

Мындай өнүмдөр жаатына терең экспертиза бизде болгон эмес, бирок гипотезаны байкап көрөлү деп чечтик. Кардарлар онлайн-машыгуулар үчүн акча төлөөгө даяр экенин жана биз башка орус тилдүү өлкөлөргө ишибизди жайылта аларыбызды түшүндүк. 2020-жылдын майында платформага Нургазы Ордобаев жана Станислав Казанцев кошулуп, биз MVP иштеп чыгууну баштадык. Бир-эки жумадан кийин прототип даяр болгон.

– Сиз башынан онлайн-машыгуулар менен гана алектенесизби. Азыр NB FIT эмнени сунуштайт?

– Бул багыт сакталып калды: NB FIT базасында үч жүздөн ашык машыгуулар бар. Ошондой эле колдонуучулар психолог, нутрициолог, эндокринолог жана аялдардын саламттыгы боюнча башка адистерден1000+ видеосабактарга кирүү мүмкүндүгүн алышат. Мындан тышкары керектүү эксперттен түз консультация алууга болот

Жасалма интеллекттин өнүгүшү менен бизде ЖИ-консультант пайда болду, ал аялдардын саламаттыгына байланыштуу суроолорго жооп берет. Муну менен катар текшерилген илимий маалыматтардын жана методологиялардын негизинде иштеген чат-ботторду гана кошобуз.

Бирок эң баалуусу – кызыкчылыктары бир коомдоштук. Пикирлештер менен байланышуу мүмкүнчүлүгү өтө маанилүү. Бул 24/7 режиминде үйдө бала менен отурган декреттеги апалар үчүн өзгөчө жакшы.

– Онлайн гана иштейсиңерби?

– Бишкекте офлайн-багытты дагы өнүктүрүп жатабыз. Азыр NB FIT программалары боюнча эки фитнес студия иштейт. Мындан тышкары дарыгерлер менен иштейбиз: дарыгерлер жана профилдик адистер менен конференцияларды жана жолугушууларды өткөрүп турабыз.

– NB FIT башка онлайн-машыгуу сервистеринен эмнеси менен айырмаланат?

– Биринчи кезекте системдүү мамиле менен. Биз колдонуучуга ашыкча жүк артпайбыз, акырындык менен айымга машыгуулар жаккан, анын табын жакшырткан абалга алып келебиз.

Мындан тышкары биз аялдын саламаттыгынын аялуу маселелерине аяр мамиле кылууну пропагандалайбыз. Көбүнчө аялдарды кандайдыр бир көйгөйлөр үчүн сынга алышат, биздин ишибизде сынга алуу деген жок.

«Колдонуучулардын саны боюнча АКШ экинчи орунда турат»

– Бул жылдар аралыгында кандай кыйынчылыктарга кабылдыңар?

– Долбоор биз масштабды кеңейтүү боюнча амбициялуу максаттарды койгондо, эң башынан тартып эле өзүн актаган долбоор болгон. 2021-жылдын аягында MENA рыногуна чыгууну кааладык, анткени бизде бул аймактан трафик бар болчу. Тест түрүндө БАЭде жана Катарда жарнаманы жайылттык, көптөгөн кастевдерди өткөрдүк. Көп акча сарптадык, бирок көп санда аудиторияны топтоого мүмкүн болгон жок. Биздин БАЭде колдонуучуларыбыз бар, бирок алар АКШдагыдай анчалык көп эмес.

Сырга Тилекова

– Бир нерсе туура эмес болуп калбыды, же кандай?

– Биз локализацияны эске албай калдык, аймакта фитнес рыногу жана медицина чөйрөсү кандай экенин жакшы түшүнгөн эмеспиз. Суроо-талап бар экенин билдик, бирок терең аналитика жок жана бул аймактын контексттин билбей, акчаны жөнү жок короттук. Бирок аракет кылбасаң – билбейсиң дегендей, бизге сабак болду.

Андан ары Кошмо Штаттарда тестирлөөнү кааладык. Алгач гипотезаны өз акчабыз менен текшердик, ал турсун минуска кеттик. Ошондуктан кийин эксперименттерге ири бюджетти алуу үчүн инвестиция издеп баштадык, мүмкүн болгон изилдөө программаларына катыштык.

– Бул кандай жыйынтыкка алып келди?

– Азыр АКШ колдонуучулардын саны боюнча Кыргызстандан кийинки экинчи орунда турат. Бир нече шаарда иштейбиз, башкача айтканда биздин негизги катталуучуларыбыз Чикаго, Лос-Анджелес, Остин жана Нью-Йорк шаарларынан болот.

– Штаттарда дагы B2B-кызматташтыкты өнүктүрүп баштадыңар. Бул багытта иш кандай түзүлгөн?

– Медицинага кыйыр түрдө тиешеси бар кызматтарды көрсөткөн адистер менен кызматташабыз. Мисалы, эмчек эмизүү боюнча эксперттер же доулдар – төрөт залыда келечектеги энени коштоп жүрүүчү аялдар.

Штаттарда мындай кызматтар өтө популярдуу, ал эми адистерде дыкат түзүлгөн түзүм жок. Мындай эксперттер колдонуучуларга чаттарда консультация бериши, ошондой эле жеке сессияны өткөрүп, акча табышы үчүн аларды биздин сервиске кошуп баштадык.

Мындай адистердин базасы Борбордук Азияда дагы бар, бирок биздин аймакта жаштар көбүнчө өзүнөн улуу туугандарына, төрөгөн курбуларына жана тажрыйбасы бар башка аялдарга кайрылышат.

«$55 миң туруктуу MRR көрсөткүчүнө чыктык»

– Бул жылдары кардардын портрети кандай өзгөрдү?

– NB FIT мурдагыдай эле өзүн бардык аялдар үчүн арналган сервис катары көрсөтөт. Бирок аудиторияны эки чоң топко бөлүүгө болот. Биринчиси – төрөттөн кийин жарым жылдан ашык убакыт өткөн кыздар. 6 айдан кийин алардын көпчүлүгү эненин ролуна ыңгайлашып, алгачкы кыйынчылыктарды жеңишет жана ден соолугуна көңүл бура алышат.

Экинчи топ – балдары чоңойгон кардарлар. Алар же таптакыр спорт менен машыккан эмес, же аялдын ден соолугуна ылайык келбеген багытты тандашкан. Көпчүлүк учурларда алардын жамбаш чарасында көйгөйлөр бар, ал эми биздин программаларыбыз мындай көйгөйлөрдү жеңүүгө жардам берет.

–NB FIT сервисинин азыркы учурда канча колдонуучусу бар?

– Азыркы учурда бизде Борбордук Азияда, АКШда, БАЭде, европа өлкөлөрүндө 30 миңден ашык колдонуучуларыбыз бар. Муну менен катар NB FIT географиясы өсүп жатат. Мисалы, жакында эле Кытайдан төлөмдү байкадык.

Сырга Тилекова

Албетте, Кыргызстанда бизди жакшы билишет. Мисалы, кош бойлуу кезимде клиникага бардым, бирок долбоордо иштей турганымды айткан эмесмин. Бир ирет дарыгерден машыгууларды качан баштасам болорун, кантип туура машыгуу керектигин сурадым. Дарыгер дароо NB FITти сунуштады.

– Көпчүлүк адамдар фитнеске абонемент сатып алышат, бирок кийин кызыгуучу жоголуп, барбай калышат. Ал эми машыктыруучу жана зал кирешесин жоготот. Мындай көрүнүш менен кантип күрөшүү керек?

– Биз маалыматтарды изилдеп, көпчүлүк учурларда кардарлар алгачкы үч жумада активдүү машыга турганын түшүндүк. Эгерде ушул мезгилде натыйжалуу таасир болбосо, анда адам машыгууну таштап салышы мүмкүн. Көйгөйдү чечүү үчүн сервистин ичиндеги коомдоштук жана кураторлор менен иштеп баштадык. Бул бизге көптөн бери катталган жана NB FIT философиясын түшүнгөн адамдар. Алар мезгил-мезгили менен башка колдонуучулар менен байланышып, коомдоштукка кызыгууну арттырышат.

– Кантип монетизация кыласыздар?

– Катталуу боюнча иштейбиз. 2022-жылы мындай моделди киргизгенбиз, ал учурда бул Борбордук Азия үчүн жаңылык болгон. Көпчүлүк адамдар эмнеге алардан төлөм алынганын түшүнүшкөн эмес. Ошондо акчаны дароо кайтарып бергенбиз, акырындап аудитория бул форматка көнүп калды.

Бүтүндөй сервиске 30 күнгө, үч айга жана бир жылга кирүү мүмкүндүгүн сатабыз. Бир айга катталуудан баш тарталы деп пландап жатабыз, анткени бул убакытта тиркемени колдонуунун таасирин баалоо кыйын.

Кыскасы, азыр үч жылда катталууну үзгүлтүксүз узартып турган кардарлар бар экенин аныктадык. Алар өтө татаал мезгилден, алгачкы 9 айдан өтүштү, машыгуу адаты калыптанды, эми артка кетишпейт.

– Канча акча табууга болот?

– Долбоордун туруктуу MRR көрсөткүчү – $55 миң.

«Бардык жолду басым өттүк, бирок эки ирет инвестициядан баш тарттык»

– Долбоорго баш-аягы канча каражат сарпталды?

– Негизинен NB FIT сервисин жүгүртүү каражаттарына өнүктүрдүк. Ошондой эле инвесторлордон $60 миңдей каражат тарттык. Бирок биз акыркы жолу 2022-жылы акча алганбыз. Мындан тышкары эки жыл мурун инвестициядан баш тарттык. 2023-жылы АКШга барып, эки бизнес өкүлү менен тааныштым, алар долбоорго $100 миң салууга даяр болушчу. Сүйлөшүүлөрдүн бардык баскычтарынан өттүк, бирок бүтүм түзбөй эле коёлу деп чечтик.

2024-жылы мүмкүн болуучу раунд кайрадан талкууланган, анда долбоор $7,8 млн деп бааланган. Бирок бул ирет дагы баш тарттык.

– Эмне үчүн?

Сырга Тилекова

– Өз күчүбүз менен MRR көрсөткүчүн көбөйтүүнү кааладык. Мурдагы инвестиция каражаты тез эле жок болгон, бул ирет өнүгүүгө баамдап түшүнүү менен мамиле кылууну чечтик.

– 5 жылда долбоордун командасы кандай өзгөрдү? Азыр NB FIT менен кимдер алектенишет?

– Кофаундерлерден тышкары командада 6-7 адам бар. Убагында бизде 30дай адам иштеген: программисттерди, сатуучуларды, жеке продакшенди жалдаганбыз. Бирок бул кирешелүү эместигин түшүндүк. Жыйынтыгында стартапка чындап керектүү болгон маркетологдор гана калдык.

– Силерде мурдагыдай эле 4 тең негиздөөчү барбы. Кантип макулдашууга жетишип жатасыздар?

– Ар бирибиздин өз жоопкерчилик зонабыз бар. Алсак, Нуриля фитнес-программаларды түзүү жана платформаны толтуруунун үстүнөн иштейт, мен маркетинг, инвесторлорду издөө менен алектенем жана команданы жетектейм, Нургазы финансы маселелерин чечет, ал эми Станислав долбоордун техникалык жагына жооп берет.

Сырга Тилекова

Ошондуктан кырдаалга жараша, финалдык чечимди ким жооптуу болсо ошол адам кабыл алат. Бири-бирибизге 100% ишенебиз жана чечимди талашып-тартышпайбыз.

– Жакынкы жылдары стартапты өнүктүрүү боюнча кандай пландар бар?

– Жакында долбоорду андан ары өнүктүрүү боюнча чечим кабыл алабыз. Өнүгүүнүн көптөгөн варианттары бар. Эгерде стартап катары иштөөнү улантсак, анда жаңы идеяларды сынап көрөбүз, технологиялык чечимдерди киргизебиз жана чет өлкөлүк акселераторлорго илгерилейбиз. 2023-2024-жылдары биз бир нече чет өлкөлүк программаларда тандоодон өттүк, бирок мен балам төрөлгөндүктөн, баруудан баш тарткам.

Ошондой эле инвестицияларды тартууну, чет өлкөгө, анын ичинде Штаттарга масштабды кеңейтүүнү карайбыз. Азыр өлкөдөгү медициналык системанын өзгөчөлүктөрүнөн улам, бизге көп сандагы лицензияны жана уруксатты алуунун кереги жок. Бул тез өнүгүүгө мүмкүндүк берет.

Сырга Тилекова

Бирок стартап киреше алып келгенде, тобокелдикке салгың келбейт. Эгерде бизнес тарапка барсак, анда офлайнды онлайн менен интеграциялайбыз жана бизде болгон колдонуучулардын жолун жакшыртабыз. Балким, чектелүү менен, бардык күч-аракетибизди Кыргызстанда жана АКШда гана иштөөгө жумшайбыз.

Ошол эле учурда Нургазы менен Станислав башка бизнестердин онлайнга чыгуусуна жана процесстерди автоматташтыруусуна жардам берген AIRUN стартабын өнүктүрүшөт. Мен долбоорго продакт-маркетолог катары кошулгам. Балким, ушул өнүмгө басым жасайбыз жана айрым кофаундерлер NB FITтен чыгышы мүмкүн. Мунун баарын убакыт көрсөтөт.